Шайлоо-2021: Жарандык коом тарабынан шайлоого болгон кызыгуу жыл санап өсүүдө

 Жогорку Кеӊештин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде «Жалпы иш» коомдук фондунун өкүлдөрү ага байкоо жүргүзмөкчү. Коомдук байкоо жүргүзүү кантип өтөрү жана шайлоо системасынын жаӊы эрежелери тууралуу «Жалпы иш» коомдук фондунун шайлоолор боюнча кеӊешчиси Талайбек Асылбековдун интервьюсу менен кененирээк таанышмакчыбыз.

– Бизди алдыда олуттуу саясий окуя – Жогорку Кеӊештин депутаттарын шайлоо күтүп турат. «Жалпы иш» коомдук фондунун өкүлдөрү эл аралык байкоочулар жана жарандык активисттер менен катар эле байкоо жүргүзөт. Айтыӊызчы, коомдук байкоо жүргүзүүнүн максаты эмнеде жана кандай милдеттери бар?

– Жогорку Кеӊештин депутаттарын шайлоо сыяктуу саясий маанилүү окуяга байкоо жүргүзүү таза шайлоо өткөрүү үчүн белгилүү бир коргоочу механизм болуп эсептелет. Көз карандысыз байкоочулардын байкоолору жана отчеттору шайлоону толугу менен, шайлоолор канчалык деӊгээлде мыйзамга ылайык өткөрүлүп жаткандыгын, демократиялык принциптерге жана эл аралык стандарттарга туура келгендигин көрсөтөт. Коомдук байкоо жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча көз карандысыз байкоочулар баарын отчетторунда чагылдырып, шайлоо процессине өз бааларын беришет.

– Силер шайлоого даярдык көрүп баштадыӊарбы? Азыркы учурда кандай иштер жасалып жатат, өз байкоочуларыӊарды кантип окутуп жатасыӊар?

– «Жалпы иш» коомдук фондунун байкоо жүргүзүүдө өз методологиясы бар. Байкоочулар узак мөөнөттөгү жана кыска мөөнөттөгү болуп экиге бөлүнүшөт. Узак мөөнөттөгү байкоо жүргүзүү шайлоолор жарыяланган учурдан тартып башталып, андан кийин коомдук фонддор бардык этаптарды – талапкерлерди каттоого алууну, шайлоочулардын тизмелерин түзүүнү, шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүнү, добуш берүүнүн өзүнүн жүрүшүн көзөмөлгө алат, бул учурда кыска мөөнөттөгү байкоочулар да кошулат.

Кыска мөөнөттөгү байкоочулар – бул түздөн-түз шайлоо участкаларында болуп, добуш берүү процесске көзөмөл кылышкандар. Шайлоодон кийинки мезгил – бул жыйынтык чыгаруу, добуштарды саноо жана шайлоонун жыйынтыгын жарыялоо.

Биз бүткүл республиканы камтыйбыз, ар бир облуста «Жалпы иш» КФ аймактык координаторлордон, тийиштүү узак мөөнөттөгү жана кыска мөөнөттөгү байкоочулардан турган өз офистерине ээ. Алардын баары шайлоо укугу, шайлоо мыйзамдары жана процедуралык учурлар тууралуу окушат. Албетте, биз бардык УШКларды камтый албайбыз, бирок ошол эле учурда шайлоо комиссияларынын басымдуу бөлүгүн камтыган методологиябыз бар.

– Силердин уюмдан шайлоо участкасында канча адам жүрөт?

– Узак мөөнөттөгү байкоолор боюнча биз 116 байкоочуну тандап алдык, ал эми кыска мөөнөттөгү байкоолор боюнча айтсак, шайлоо округдары жана чектери жаӊыдан гана бөлүштүрүлгөндүктөн, азыр тактоолор жүрүп жатат. Биз мониторинг стратегиясын иштеп чыгуудабыз, болжолдуу 500-700 кыска мөөнөттөгү байкоочу болмокчу.

– Бул жолу Жогорку Кеӊештин депутаттарын шайлоо жаӊы эрежелер менен өтөт. Бул жаӊылыктар тууралуу эске сала кетсек.

– Конституциянын жаӊы редакциясын кабыл алууда депутаттардын саны кыскарды, мына ушуга байланыштуу, башка мыйзам актылары да Конституцияга ылайык келтирилди. «КР Президентин жана КР Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди, ага ылайык, эӊ негизгиси, шайлоо системасынын өзгөртүлүшү болуп калды. Мурда Жогорку Кеӊеш партиялардын тизмеси менен преференциалдык тутум боюнча шайланган, азыр депутаттар аралаш тутум боюнча: 54 мандат – партиялык тизме жана 36 мандат – бир мандаттуу округдар боюнча шайланат. Партиялык тизме ачык болот, мурда партия үчүн добуш берип, мандатты партиялык тизмеде биринчи тургандар алса, азыр белгилүү бир партиядан тышкары шайлоочу партиянын тизмесиндеги белгилүү бир талапкер үчүн да добуш бере алат.

– Силер тараптан кандайдыр бир тобокелчиликти көрүп турасызбы?

– Мындай тутум боюнча добуш берүү шайлоочу үчүн биринчи жолу болуп жаткандыктан, белгилүү бир кыйынчылыктар, кантиш керек деген сыяктуу суроолор пайда болушу мүмкүн, анткени 2 бюллетень алууга туура келет. Биринчиси – бир мандаттуу округ боюнча, экинчиси – преференциалдык пропорционалдык тутум боюнча болмокчу, анын биринчи бөлүгүндө саясий партия үчүн, экинчи бөлүгүндө эч кандай фамилия жазылбаган 54 чарчы болот. Шайлоочу бул механизмдерди түшүнүшү керек. Процедура татаалдашып, бул добуш берүү процессинин бир аз созулушуна алып келиши мүмкүн.

– Ал эми добуштарды эсептөө боюнча кандай болмокчу?

– Процесс бир аз татаалданышы мүмкүн. Мурда шайлоо комиссиялары саясий партияларга берилген добуштарды гана санаса, эми алар бир мандаттуу округдар боюнча берилген добуштарды, андан кийин саясий партияларга жана талапкерлерге берилген добуштарды эсептеши керек болот. Андыктан добуштарды эсептөө процедурасы бир аз татаалдашып, мезгилдик параметрлери боюнча да созулуп кетиши мүмкүн.

– Айтыӊызчы, баары кезексиз жана тынч өтүшү үчүн мына ушундай тобокелчиликтерди жумшартууга мүмкүнбү?

– Бул үчүн биз шайлоочуларды шайлоо участкаларына барганга чейин алдын ала добуш бере турган тизме жана талапкер менен таанышып алууга чакырмакчыбыз.

– Ошондо, олуттуу жоопкерчилик үгүт өнөктүгү учурунда талапкердин өзүнө жана саясий партияларга түшөт тура, алар активдүүрөөк болуп, өз шайлоочуларына кайсы номер алдында бара тургандыгын, тигил же бул саясий партияга кимдер кирерин билдириши керек болот.

– Ар бир талапкердин өзүнүн электораты бар, андыктан ар бир талапкер өз шайлоочуларына партиянын тизмесинде кайсы номерде тургандыгын жеткириши керек. Эгер шайлоочу саясий партия үчүн добуш берип, бирок талапкерди белгилебей калса, бул добуш автоматтык түрдө партия үчүн берилген добуш деп эсептелет да, бюллетень жараксыз деп эсептелбейт. Бирок шайлоочу 54 чарчыны камтыган бюллетендин төмөнкү бөлүгүндө 2 ача-белги кое турган болсо, анда бюллетень бузулган болуп эсептелет.

– Биз шайлоодон шайлоого чейин бузуулар улам барган сайын күчүнө кирүүдө деп жатабыз, канткенде добуш берүү маалында мындай бузууларга жол бербей коюуга болот жана алар тууралуу кимге билдирүү керек?

– Бузуулар аныкталган учурда байкоочулар аны актылайт. Эмгек кодексинин 44-беренеси бар, мында байкоочулар бузууларга даттанууга жана шайлоо комиссиясынын төрагасына кайрылуу жасоого укуктуу. Сатып алуу, административдик ресурсту колдонуу, коркутуу учурлары болсо – бул укук коргоо органдарынын компетенциясы болуп эсептелет. Байкоочулар тергөө аракеттерин жүргүзүү компетенцияларына ээ эмес.

БШК тутумунда жакшы институт бар, ал – Ыкчам чара көрүүчү координациялык топ, анын тутумуна БШК мүчөлөрү, ошондой эле укук коргоо органдарынын (ИИМ, МИ, УКМК) өкүлдөрү кирген. ЫЧККТ ошондой эле депутаттыкка шайлоо маалында округдук шайлоо комиссияларынын деӊгээлинде жана айылдык кеӊешке шайлоо маалында аймактык шайлоо комиссияларына көрсөтүлөт. Шайлоого болгон кызыгуулар улам күч алууда, жарандык коомдун процесске көзөмөл кылууда кызыгуусу күч.

– Сиздин пикириӊиз биз үчүн кызыктуу, айтыӊызчы, шайлоолор таза, тунук өтүшү үчүн шайлоо тутумун жакшыртуу боюнча биздин өлкөдө эмнелер жасалды?

– Жашкы көрсөткүч катары АЭУну мисал келтирүүгө болот, ал дүйнөлүк коомчулукта да жогору баага ээ болду. АЭУну жайылтуу менен бюллетендерди ашыкча салып жиберүү дээрлик жокко чыгарылды. Ошондой эле, биометрикалык маалыматтарды киргизүү да жакшы жыйынтык берди, бул «бир шайлоочу – бир добуш» дегенди аныктады.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru