Шайлообек Атазов: “Вакцина алуу коркунучтуу, тукумсуз болуп калышың мүмкүн!”

Жогорку Кеңештин депутаты вакцина алуудан чочулап, тукумсуз калуу коркунучу бар экенин билдирет.

“Вакцина алуу – бул күмөндүү, коркунучтуу иш чара болуп жатат! Мага бүгүн маалымат келди. Кээ бир мекемелер мажбурлап берип башташыптыр.
Вакцина алуу менен, ковидди жок кылууга эч кандай далил жок! Бир да лабораториядан текшерүүдөн өткөн эмес! Вакцина – элибизди келечекте тукумсуздукка алып келуусу ыктымал.
Экспермент жүргүзүп жатышкан болсо, туура эмес!”-дейт ал.

Эл өкүлү, министр эмдөөдөн башка жолдорун сунуш кылса болмок дейт.

“Саламаттыкты сактоо министрлиги – ковид (ар түрдүү вирус) менен күрөшүүдө элибизди вакцина алуудан башка жолдорун сунуштаса туура болмок”-дейт Атазов.

Белгилей кетсек, министр Алымкадыр Бейшеналиев эмдөөдөн башка уу коргошунду сунуш кылып, аны эл кабыл албай койгон.

Депутаттын сөзүнө журналист Арген Нуров каяша кылды:

“Ушул да депутаттын сөзүбү. Элди тескери жакка үгүттөп, курулай эле элдин сабатсыз бөлүгүнө жагам деп.. Вакцина алыш керек..”-дейт журналист Арген Нуров.

Дагы бир журналист Элнура Алканова дагы депутаттын пикирин колдогон жок.

“Бул пикирге кошула албайм. Сиз депутатсыз, демек күмөндүү болсо далил менен жазсаңыз жакшы болмок. Ушул сөздөр туура эмес болуп калса, кийин кантип артка кайтасыз?”-деп суроо койду.

Leave A Reply

Your email address will not be published.