Шайлоодо «алтын мандат», «биринчи ондук» деген түшүнүк болбойт

Мурда партиялардын лидерлери алдыңкы орундарды жүз миңдеген долларларга баалап келишкен. Мындан ары шайлоодо “алтын мандат”, “биринчи ондук” же “биринчи жыйырмалык” деген түшүнүктөр болбойт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров маалымат жыйынында айтты.

«Эми парламентке эл ишеничин арткан депутаттар келет. Биз партиялардагы биринчи орундарды сатуу бизнесин жойдук. Буга чейин партия лидерлери тизмедеги биринчи орундарды 100 миң долларга сатып келишкен, бул бүтүндөй партиялык системага жана жалпы парламентке зыян алып келген”, — деди Жапаров.

Ал кыска убакыттын ичинде өлкөдөгү кырдаалды турукташтыра алганын белгилеп, президенттик шайлоо жана Конституция боюнча референдум ийгиликтүү өткөнүн айтты.

«Референдумда эл башкаруунун президенттик формасын, ошондой эле Конституциянын жаңы редакциясын тандады, анда парламенттин депутаттарынын санын кыскартуу жактырылды. Өлкөдө бир катар мыйзамдар кабыл алынып, Жокорку Кеңешге шайлоонун аралаш системасы киргизилди»,-деди Жапаров.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru