Шайлоодо колдонулган бюллетендердин 116 миңден ашыгы жараксыз деп табылды

28-ноябрдагы парламенттик шайлоодо добуш берүү үчүн колдонулган бюллетендердин 9,64%, тагырагы 116 246сы жараксыз деп табылды. Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) туура эмес белгиленген, таптакыр белги коюлбаган ж.б. бюллетендер эсептен чыгарылганын билдирди.

28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына ылайык, алты партия 5% пайыздык чектен өтүп, шайлоодо утканы айтылууда. БШКнын электрондук добуш санагынын жыйынтыгында:

“Ата-Журт Кыргызстан” – 16.
“Ишеним” – 13
“Ынтымак” – 10
“Альянс” – 8
“Бүтүн Кыргызстан” – 6
“Ыйман нуру” – 5 пайыз добуш алган.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru