Шайлоодон жеңилип калган Дональд Трамп митинг өткөрүүнү көздөп жатат

АКШнын учурдагы президенти Дональд Трамп бир нече штатта добуштарды кайра саноо үчүн митингдерди өткөрүүнү пландап жатат. Бул тууралуу Axios америкалык жаңылыктар сайты мамлекет башчынын кеңешчилерине шилтеме берүү менен билдирди.

Сайттын маалыматына караганда, Трамптын штабы Джорджия, Аризона жана Пенсильвания штаттарында добуштарды кайра саноо боюнча топторду жарыялоого даяр.

Трамп митинг учурунда шайлоодо добуш берген, бирок добуш берүү убагында  жер астында жаткан (өлгөн) шайлоочуларга карата өлүм күбөлүктөрүн көрсөтүүнү пландап жатат. Буга чейин америкалык маалымат каражаттары өлкөдө мерт болгон жарандардын өздүгү менен добуш берилип жаткан бир нече учурлар болгонун жазып чыгышкан. Учурда Трамптын штабы адвокаттарды жана  соттук салгылашуунун алкагында Трамптын аракеттери жана талаптары жөнүндө маалымат таратуучу, пресс-релиздерди түзө турган кызматкерлерди жалдап жаткандыгы маалымдалды

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru