Шайлоого он бир эле талапкер барат

Президенттикке аттануу ниети жөнүндө БШКга билдирүү тапшырган 63 адамдын 11нин “Кыргызтесттен” өткөндүгү тууралуу күбөлүгү жок. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Кайрат Осмоналиев  билдирди.

Осмоналиевдин айтымында, Куттумидин Базаркулов, Анаркүл Араева, Тынчтык Акжолтоев, Юлия Лилиентал, Чыңгыз Капаров, Жээнбек Искендеров, Елена Клипачева, Жыпаркул Тургуналиев, Султан Аджиматов, Мирлан Калыбеков жана Анар Зарипова күбөлүк  тапшыра элек.

Тесттен ийгиликтүү өткөндөрдүн толук тизмеси БШК тарабынан 19-ноябрда жарыяланат. Бүгүн, БШКга берилген арызга жетишпеген документтерди алып келүү мүмкүн болгон акыркы күн.

Андан ары, арыз ээлери 3-декабрга чейин кол топтоп, баракчаларды БШКга өткөрүп берип, 3-декабрга чейин 1 миллион сом күрөө төлөшү керек.

Мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында болот.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru