Шайлоолорду өзгөрткөн жаңы мыйзам коомдун талкуусуна коюлду

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу долбоор коомдун талкуусуна коюлду. Аталган мыйзам долбоору президенттин расмий сайтына илинген.

Белгилей кетсек, аталган мыйзамга өзгөртүүлөр 11-апрелдеги референдумда кабыл алынган жаңы Конституцияга ылайык киргизилүүдө.

Жаңы Башмыйзамга ылайык президент 5 жылдан 2 мөөнөткө шайлана алса, Жогорку Кеңеш 90 депутаттан турат.

Парламентке 55 депутат бирдиктүү шайлоо округу боюнча пропорционалдык система, ал эми калган 35и бир мандаттуу округ аркылуу мажоритардык система боюнча шайланып келет.

Бирдиктүү шайлоо округу боюнча талапкерлерди партиялар, ал эми бир мандаттуу округ боюнча талапкерлер өзүн өзү көрсөткөндөн тышкары, партиялар да сунуштай алат.

Парламентке жашы 25ке жеткен жарандар шайланууга укуктуу.

Leave A Reply

Your email address will not be published.