Шайлоонун жүрүшү жана алдын ала жыйынтыгы. Саресеп

Кечээ, 28-ноябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо өттү. Шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшү жана бүгүнкү күнгө карата алдын ала жыйынтыгы боюнча “Коом пресс” сайты саресеп салды.

Кыргызстанда шайлоо участоктору адаттагыдай эле 8:00дө ачылып, добуш берүү кечки саат сегизде токтотулду.

Добуш берүүчүлөрдүн тизмесине 3 миллион 523 миң 554 киши кирген. Алардын ичинен  ичинен 1 миллион 273 миң 557 жаран добуш берди. 

Добуш берүү процессин жүргүзүү үчүн 2494 шайлоо участкасы уюштурулган, анын 59у чет өлкөлөрдө иштеди.

Шайлоочулар эки бюллетенге добуш беришти. Биринде партияны жана ошол партияда өзү колдогон талапкердин катар номурун белгилешти. Бул ыкма Кыргызстанда алгач ирет колдонулду.

Экинчи бюллетенде бир мандаттуу округдан катышып жаткан талапкерлерге добуш берилди.

Бюллетендерде “баарына каршы” деген графа да болгон.

БШКнын видеосунан алынган скриншот.

Добуш берүүдөн бир күн мурун, 27-ноябрда участкадан тышкары 12 миңдей шайлоочу Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышты.

Президент Садыр Жапаров Бишкектин Ленин райондук №1053 шайлоо участогунда добуш берди.

Мамлекет башчы Чоң-Арык айылындагы шайлоо тилкесине жубайы Айгүл Жапарова менен саат 8:30да келди.

Саат 10:00гө карата 108 миңге чукул шайлоочу добуш берди.

Социалдык тармактарга Бишкектеги №1117 шайлоо тилкесинде беткапка эн белги түшүрүлгөн шайлоочулар келип добуш бергени тууралуу маалымат тарады.

Ички иштер министрлиги жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча бардык иш-чараларды уюштуруп, азыркы учурда 12 миңге жакын кызматкер коомдук жайларда, көчөлөрдө, шайлоо тилкелеринде күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Анын ичинде, жалпы 2 миң 435 шайлоо тилкесинде коопсуздукту күнү-түнү камсыздоого 6 миңге жакын кызматкер бөлүнгөндүгүн Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов БШК уюштурган брифингде билдирди.

Кыргызстанда добуш берүү үчүн ачылган шайлоо тилкелеринде бир нече техникалык кемчиликтер пайда болду. Бирок алардын баары жоюлуп, идентификация системасы, жабдыктар штаттык режимде иштеп жатат.

Республика боюнча 700 IT-адиси кызматка тартылган. Мындан тышкары шайлоочуларга шарт түзүү боюнча расмий тейлөө борборлору өз ишин жүргүздү. Ага 3 миң 568 кайрылуу түшүп, тиешелүү жардам көрсөтүлдү. Бул туурасында Бул тууралуу брифингде Санариптик өнүктүрүү министри Дастан Догоев билдирди.

Кыргызстанда түшкү саат 12:00гө карата 339 миң 785 жаран добуш берди.

Бишкек убактысы боюнча саат 13:00гө карата чет өлкөлөрдө уюштурулган 55 шайлоо тилкеси иштеп баштады. Бул сааттарда 1505 чет жердеги шайлоочу добуш берди.

 Саат 14:00гө карата бирдиктүү шайлоо округдары боюнча 602 миң 432 шайлоочу добуш берди.

Эртең мененки саат 08:00дөн 14:00гө чейин шайлоонун жүрүшүндөгү мыйзам бузуулар тууралуу 17 кайрылуу түштү.

Анын ичинде:

-шайлоочулардын добушун сатып алуу боюнча 2 кайрылуу,

-үгүт иштеринин эрежелерин бузуу боюнча 5 кайрылуу,

-шайлоочуларды ташуу боюнча 1 билдирүү,

-шайлоо эрежелерин бузганы боюнча 1 билдирүү,

-шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн үстүнөн 3 арыз,

-автоматтык эсептөөчү урналардын иштөөсүндөгү кемчиликтер боюнча 5 кайрылуу түштү.

Күндүн сүрөтү. Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы №3212 шайлоо участогуна жаңы үй-бүлө куруп жаткан жаштар келип добуш беришти.

Саат 16:00гө карата бирдиктүү шайлоо округдары боюнча 829 миң 171 шайлоочу добуш берди. Муну менен шайлоого катышуу 22,39 пайызды түздү.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ички иштер министрлигине келип, шайлоо учурундагы ички иштер органдарынын ишин байкоого алды. Акылбек Жапаров ыкчам кырдаалдарга байкоо жүргүзүү жана ага жараша чечимдерди кабыл алуу кырдаалдык борборун жана басма сөз кызматын көрүп чыкты.

Ички иштер министри Улан Ниязбеков Акылбек Жапаровго жүргүзүлүп жаткан иштердин комплекстүү багыттары менен тааныштырды.

 Саат 18:00гө карата бирдиктүү шайлоо округу боюнча парламенттик шайлоого добуш берүүгө 1 млн 50 миң 163 жаран катышты.

Парламенттик шайлоого катышуунун көрсөткүчү төмөн болушуна форма №2нин жокко чыгарылганы таасир этти. Мындай пикирин БШКнын мүчөсү Тынчтык Шайназаров брифингде айтты.

Ал 2020-жылдын октябрь айындагы шайлоо жана 2021-жылдын январь айында өткөн президенттик шайлоого салыштырмалуу, быйыл парламенттик шайлоого жарандар аз катышканын билдирди.

«Форма-2″ 2020-жылдын октябрында болгон шайлоодо массалык түрдө колдонулган. Бул система менен 500 миң шайлоочу добуш берди. Көрсөткүч добуш берүүнүн пайыздык көрсөткүчүнө кескин таасирин тийгизет«, — деди Шайназаров.

 Кечки саат 18:00гө карата добуш берүүгө 1 млн 50 миң 163 жаран катышты. Муну менен шайлоого катышуу көрсөткүчү 28,36 пайызга жетти.

Кечки саат сегизде Кыргызстанда парламенттик шайлоого карата ачылган добушканалар жабылды. 

Бир мандаттуу округдар боюнча саат 20:20га карата алдын ала жыйынтык:

Шайлоо округунун аталышыАлдыга чыккан талапкерДобуштун саны
№1Лейлек шайлоо округуАжибаев Чыңгыз10 643
№2Баткен шайлоо округуРажабалиев Нурлан6 556
№3Кадамжай шайлоо округуАтажанов Ырысбек6 047
№4Көк-Жар шайлоо округуБакиров Өмүрбек11 411
№5Ноокат шайлоо округуКоргонбай уулу Жусупбек13 272
№6Араван шайлоо округуНурбаев Жалолидин14 803
№7Ош шайлоо округуОсмонов Айбек21 306
№8Төлөйкөн шайлоо округуАлимбеков Нурбек18 882
№9Кара-Суу шайлоо округуМатраимов Искендер22 134
№10Куршаб шайлоо округуТөлөнов Данияр9 636
№11Алай шайлоо округуПримов Улан21 928
№12Өзгөн шайлоо округуСатыбалдиев Элмурза20 651
№13Сузак шайлоо округуИкрамов Тазабек11 646
№14Жалал-Абад шайлоо округуТашиев Шаирбек21 266
№15Базар-Коргон шайлоо округуАлтынбеков Айбек23 779
№16Ноокен шайлоо округуСыдыков Бактыбек20 989
№17Аксы шайлоо округуШакиев Нурлан12 082
№18Ала-Бука шайлоо округуТурсунбаев Азизбек11 279
№19Токтогул шайлоо округуСулайманов Кундузбек7 957
№20Манас шайлоо округуЖумабеков Дастанбек13 252
№21Талас шайлоо округуЧойбеков Бактыбек10 376
№22Жайыл шайлоо округуАзыгалиев Нурланбек8 884
№23Москва шайлоо округуХанджеза Карим5 436
№24Сокулук шайлоо округуКенжебаев Аманкан5 184
№25Аламүдүн шайлоо округуАтамбаев Сеидбек7 975
№26Ленин шайлоо округуАбиров Жаныбек11 813
№27Биринчи Май шайлоо округуБаарына каршы11 758
№28Октябрь шайлоо округуБекешев Дастан17 042
№29Свердлов шайлоо округуБаарына каршы11 906
№30Ысык-Ата шайлоо округуТаштанбеков Акбөкөн4 830
№31Чүй-Кемин шайлоо округуСаккараев Медербек10 147
№32Кочкор шайлоо округуСамыйкожо Мирлан9 414
№33Нарын шайлоо округуБакасов Улан19 755
№34Жети-Өгүз шайлоо округуМалиев Арсланбек7 242
№35Ак-Суу шайлоо округуТүмөнбаев Акылбек16 086
№36Ысык-Көл шайлоо округуСарбагышев Максатбек5 851

БШКнын расмий сайтына жарыяланган расмий маалыматтар боюнча саат 20:30га карата төмөнкү партиялар алдыга чыкты:

  • «Ата-Журт Кыргызстан» — 29,03%
  • «Ишеним» — 24,09%
  • «Ынтымак» — 20,69%
  • «Альянс» — 14,47%
  • «Бүтүн Кыргызстан» — 11,15%
  • «Ыйман нуру» — 10,19%
  • «Эл үмүтү» — 8,90%
  • «Азаттык» — 7,90%
  • «Социал-демократтар» — 6,32%
  • «Ата Мекен» — 6,45%.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) добуштарды санаган автоматташтырылган системасы иштебей калды. Азыр сайтта добуштардын 86% ашыгы эсептелгени тууралуу гана маалымат турат жана аймактык шайлоо комиссияларынан келген маалыматтар көрүнбөй калды. Буга чейинки жарыяланган эсепте партиялар алган добуштардын пайызын кошкондо 150% ашып кетип жаткан.

Саат 21:00гө карата 25 миң 670 жаран баарына каршы добуш берген. Бул — 2210 автоматтык эсептөөчү урнанын жыйынтыгы. Жалпы 2 494 урна бар. Бишкек шаарындагы эки райондо баарына каршы добуш бергендер көп болду. Свердлов районунда баарына каршы добуш 36,55% түздү. Биринчи май районунда баарына каршы добуш бергендер 31,5% болду.

Добуш берген бюллетеньдердин 113 553ү жараксыз болду.

Саат 21:00га карата төмөнкү партиялар алдыга чыкты:

  • «Ата-Журт Кыргызстан» — 16, 85 %
  • «Ишеним» — 13, 50 %
  • «Ынтымак» — 10, 81 %
  • «Альянс» — 8, 23 %
  • «Бүтүн Кыргызстан» — 6,74 %
  • «Ыйман нуру» — 6,01 %.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 28-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берүү аяктагандыгына байланыштуу кайрылуу жасады. Мамлекет башчы бул шайлоо элдин, Баш мыйзамдын талабына жана эл аралык ченемдерге ылайык, акыйкат өткөнүн белгиледи. Административдик ресурс колдонулбаганын айтты.

“Биз демократиялык өлкө катары ушул милдетибизди так аткардык десем жаңылышпаймын. Бийлик тараптан бардык партияларга жана талапкерлерге бирдей, Конституцияда кандай белгиленсе, так ошондой теңдик шарттар түзүлдү. Бирөөнө дагы жан тартууга, административдик ресурс колдонууга жол берилген жок. Ошондуктан, шайлоо өнөктүгүн баштан аяк мыйзамдын чегинде, ачык-айрымдуулуктун шартында жүргүзүүнү камсыз кыла алдык. Таза жана адилет шайлоо өткөрө аларыбызды далилдедик”, – деп белгиледи президент.

Садыр Жапаров бардык саясий күчтөргө кайрылып, “Кимде ким негиз жок эле тынчтыкты, туруктуулукту бузам деген аракети болсо, андай жарандарга катуу чаралар көрүлөт” деген.

Партиялык тизме. Эң көп добуш алган талапкерлер

-Мадумаров Адахан — 20 миң 548 добуш («Бүтүн Кыргызстан»)

-Көкүлов Эрулан — 16 миң 497 добуш («Ынтымак»)

-Төрөбаев Бакыт — 15 миң 637 добуш («Ата-Журт Кыргызстан»),

-Исмаилов Фархат — 15 миң 67 добуш («Ата-Журт Кыргызстан»),

-Кадырбеков Нуржигит — 13 миң 392 добуш («Ыйман Нуру»),

-Эмилбек Жусупов — 9 миң 870 добуш («Ишеним»),

-Сулайманов Алтынбек — 6 804 добуш («Альянс»).

«Улуттар биримдиги» саясий партиясы өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгы бурмаланганын айтып чыкты. 

Текебаев шайлоонун жыйынтыгында абсурддук өзгөрүүлөр болгонун билдирди.

“Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров БШКнын сайтында 1 миллиондон ашуун добуш бийликчил төрт партияга бөлүнүп калганын сынга алып. Шайлоонун жыйынтыгы бурмаланып жатканын айтты.

“Азаттык” партиясынан талапкер Гульбара Барыктабасова БШКнын ишин сындап, добуштарды саноо учурунда ката кеткен деп билдирип. Аталган партиянын дагы бир талапкери Мыктыбек Арстанбек “Азаттык” партиясы шайлоону тааныбай турганын айтты.

Президент Садыр Жапаров шайлоонун жыйынтыгы боюнча нааразы болгон партияларга «Фейсбуктан» кайрылуу жасады.

«Урматтуу кыргызстандыктар!

«Борбордук шайлоо комиссиясынын серверинде «сбой» болду, добуштарды уурдады» деп ызы-чуу салып жаткан партияларга айтарым: бюллетендерди кол менен санап чыгууга силерге эч ким тоскоол болбойт. Кол менен санап чыккыла. Толук санап чыгып, ар бир нааразы болгон партиялар ынанмайынча, бюллетендер эч жака жылбашы керек. Эгер чындап эле БШК жасалма кылган болсо, БШКнын бардык мүчөлөрү жоопко тартылышат; керт баштары менен жооп беришет. Бийлик тараптан шайлоо процессине кийлигишпегендей эле БШКнын ишине да эч ким кийлигишкен жок. Эгер ким кийлигишкен болсо, БШКнын мүчөлөрү, ачык айткыла. Адамдан коркпогула, Кудайдан корккула».

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова добуш берүүнүн жыйынтыгы мекеменин сайтында онлайн көрсөтүлүп жаткан учурдагы үзгүлтүккө учуроо тууралуу комментарий берди.

“Системанын эки таблицасын көрө алдыңыздар. Негизги таблицасы ичинде, ал жерде участоктордон келип түшүп жаткан маалыматтар. Сырткы визуалдаштырууга сиздерге ыңгайлуу болушу үчүн сыртына да кыскартылган таблица түзүп бергенбиз. Ошол таблицада 7 деген позиция 7А деген позиция менен кыска мөөнөткө кошулуп калды. Тышкы визуалдаштыруу таблицасындагы формула кичине туура эмес көрсөтүлүп калды. Бирок тышкы таблица системанын бөлүгү эмес. Системаны ыңгайлуу форматта чагылдыруу үчүн гана жайгаштырылган ошол жерге. Бул жерде эч кандай зыян жок”.

“Ата Мекен”, “Азаттык”, “Улуттар Биримдиги”, Социал-Демократтар шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын жарыялады.

Бүгүн, 29-ноябрь саат 07:30гө карата автоматтык эсептөөчү урналардын (АСУ) маалыматы боюнча, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого 3 миллион 703 миң 420 шайлоочунун ичинен 1 миллион 273 миң 557 жаран добуш берди.

29-ноябрь саат 9:00гө карата БШКнын расмий сайтына жарыяланган маалыматтар боюнча алты партия босого баллдан өттү.

Алар төмөнкү саясий партиялар:

  • «Ата Журт Кыргызстан» – 16,44%;
  • «Ишеним» – 13,2%;
  • «Ынтымак» — 10,65%;
  • «Альянс» – 8,07%;
  • «Бүтүн Кыргызстан» – 6,58%;
  • «Ыйман Нуру» — 5,95%.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов БШКнын сервердик системасында эч кандай мүчүлүштүктөр болбогонун «Твиттердеги» баракчасына жазды.

«Эртең менен Президенттик администрация шайлоонун жыйынтыгын карап, кечээ эмне болгонун иликтеди. БШКнын сервердик системасында эч кандай мүчүлүштүктөр болгон эмес. Бул жерде жарыялоо таблицасында ката бар. Бул баракчадагы формула туура эмес болгон», — деп жазган.

БШКнын сервери хакердик чабуулга кабылды. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов брифингде билдирди. Анын айтымында, Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков менен биргеликте БШКнын серверин текшеришкен. Эксперттер аларга кол салуу болгонун кабарлаган.

«Хакердик чабуулдар болжол менен 20 өлкөдөн болгон, бирок жакшы коргоонун натыйжасында сервер бузулган жок», — деди ал.

Ал өзүнүн Facebook баракчасына бийлик добуш берүүнүн жыйынтыгын бурмалоого жол бербей турганын жазды.

«Партия лидерлери, сураныч, биз ар бир бюллетенди текшерүүгө даярбыз. Шайлоонун акыркы жыйынтыгы добуштарды кол менен санагандан кийин чыгарылат», — деди ал.

Бүгүн, 29-ноябрь саат 14:00дө Борбордук шайлоо комиссиясынын имаратынын алдында шайлоо жыйынтыгын тааныбаган партия өкүлдөрүнүн нааразычылык акциясы өткөрүлөт. Бул тууралуу «Улуттар Биримдиги» саясий партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Эржан Кайыпов «Фейсбук» баракчасына жазды.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru