народный

Шайырбек Абдрахман: «Эмнеге мынча кызматка жулунасыңар?»

Бул тууралуу журналист өзүнүн жеке баракчасына жазып чыкты:

“Эмнеге мынча кызматка жулунасыңар таң калам. Азыр бюджетте акча жок, элге айлык бериш керек, киреше табыш оор, өлкөнү кой жок эле дегенде бир мекемени байытыш өтө кыйын болот. Эң эле бери дегенде ишкананын техникалык каражаттарын жаңылоо, сатып алуу, кызматкерлерге шарт түзүү, мыкты идеяларды ишке ашыруу дегендей милдеттерди аткарыш керек. Мунун бары аз келгенсип ынтымак маселеси да өлгөн. Тиги партиячы, бул партиячы, бүтүнчү, ата мекенчи, биримдикчи, мекенчи, чоң казатчы, реформачы, ии иттики толтурага бөлүнүп алганбыз. Айтмакчы, америкачылчы, россиячыл, түркчүл, арабчыл дегени да бар. Азыр жетекчи болгон адам так ушундай шартта иштейт. Элди уюштуруп, бир багытка, ынтымакка алып келип, аларга үмүт тартуулаш керек. Реалдуу жумуштар жылып баштаганын тез арада көргөзүү зарыл. Эх, канча нерв, энергия, өмүр, убакыт кетет. Колдон келеби, же келбейби ушуну ойлонуп туруп анан жулунсаңар болот эле”-деди ал.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru