Шайырбек Абдырахман: “Максат Ажы акча сунуштагандай кескиленип, ар жерден кыркып, монтаждалган видео таркады”

  • Мен түшүнбөй жаткан бир жагдай..
    1- Өткөндө Максат Ажыны УКМК кармады.
    2- Анан Садыр Жапаров чыгып, түз эфирден аны сокту. Кармалганы туура дегендей болду.
    3- Ошол күнү түндө сот ажыкени үй камагына чыгарды.
    4- Камчыбек Ташиев Максат ажыны камоо туура эмес деген оюн билдирди. Кийин Баткенде жүрүп, ал оюн дагы кайталады.
    5- Кечинде Максат Ажы бирөөлөргө акча сунуштагандай таризде кескиленип, ар жерден кыркып, монтаждалган видео таркады.
    6- Видеонун артында эмне себептен экени белгисиз Камчыбек Ташиев коррупция менен күрөшөт деп улап коюшкан.
    7- Негизи атайын кескилеп, монтаждап кайсыл бир видеону элге жайылтуу бирөөлөрдүн кызыкчылыгысыз жасалбайт.

Суроо: Мен эмнени түшүнбөй жатам?

Leave A Reply

Your email address will not be published.