народный

Шамалды-Сайдын төрт көчөсүнө бир убакта асфальт төшөлөт. Тендер жарыяланды

Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Шамалды-Сай айылынын төрт көчөсүнө бир эле мезгилде асфальт төшөлөт. Тиешелүү тендердик табыштама мамлекеттик сатып алуулар порталында жайгаштырылды.

Маалыматка ылайык, асфальт төшөө үчүн бөлүнгөн каражат жалпы 10 млн 489 миң сомду түзөт.

Табыштамада төмөнкүлөрдү жасоо каралган:

• Фрунзе-1 көчөсү — 1 млн 477,4 миң сом;

• Кулатов, Фрунзе-1 көчөлөрүнө — 5 млн 483,3 миң сом;

• Фрунзе-2 көчөсү – 2 млн 47,8 миң сом;

• Осмонов көчөсү – 1 млн 480 миң 597 сом.

Арыздар 4-февралга чейин кабыл алынат, ишти бүтүрүү үчүн үч ай убакыт берилет.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru