Шашылыш билдирүү: 18-февралынан 21-февралына кар көчкү түшүү коркунучу сакталат!

Үстүбүздөгү жылдын 18-февралынан 21-февралына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталат, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Бул боюнча өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдады.

 Кооптуу деп белгиленген аймактар, Бишкек-Ош автоунаа жолунун 121-138 чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунун 45-115 чакырымдарында, Ала-Бука-Каныш-Кыя автоунаа жолунун 68-99 чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная Горка-Ак-Таш автоунаа жолунун 1-4 чакырымдарында, Каракол-Эңилчек автоунаа жолунун 64-90 чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу).

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл экендиги кошумчаланат маалыматта.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru