Шашылыш билдирүү: Температура кескин төмөндөп, кар жаайт

26-ноябрда жана 27-ноябрда түнкүсүн аба ырайы бузулуп, Кыргызстандын бир катар аймактарында мезгил-мезгили менен кар жаап, жолдор тайгак болот. Бул туурасында Кыргызгидромет кабарлады.

Мындай кескин бузулган аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатарын эскертишти.

Абанын температурасы кескин төмөндөйт. 26-27-ноябрларда Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4…-9; күндүз -3…+2 градуска чейин болот. Талас өрөөнүндө түнкүсүн -7…-12, күндүз 0…-5 градуска түшөт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -1…-6, күндүз +1…+6 градус болот. 27-28-ноябрларда Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн термометр -8…-13, күндүз -1…-6 градусту көрсөтөт.

Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -10…-15, күндүз -2…-7, тоолуу райондордо түнкүсүн -22…-27, күндүз -10…-15 градуска чейин түшө турганы айтылды.

Синоптиктер зымдарга жана бактарга суу кар жабышары күтүлөрүн билдирди.

“Жолдор тайгак болуп, тоңуп, кар күрткүсү жаралат. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге жетиши күтүлөт”, — деп айтылган маалыматта.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru