Шашылыш билдирүү: жакынкы күндөрү сел жүрүп, көчкү түшүшү мүмкүн

Алдыдагы үч күндө жана бүгүн күндүн ысышынан улам дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүп, тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн. Бул туурасында Кыргызгидромет билдирди.

“4-5-майда температуранын жогорулашына байланыштуу Ош, Жалал-Абад, Баткен, Чүй жана Талас облустарындагы дарыяларда суунун деңгээли кескин көтөрүлүшү жана коркунучтуу ченемге жакындап, ашып да кетиши мүмкүн. 6-7-майда күндүн ысышына жана күтүлгөн нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу суунун деңгээли кескин көтөрүлүп, тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүү коркунучу бар”, — деген билдирүү таратты Кыргызгидромет.

Андан сырткары, күндүн ысыгынан улам кар көчкү түшүү кооптуулугу да жаралган.

4-6-майда абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек – Ош жолунда, Төө-Ашуу, Ала-Бел ашууларында, Чычкан капчыгайында кар көчкү түшүшү мүмкүн. Мындай кооптуулук Ала-Бука — Жаңы-Базар — Киров автоунаа жолундагы Кара-Кысмак капчыгайында, Кара-Буура ашуусунда, Каракол — Эңилчек жолундагы Чоң-Ашууда да бар.

Маалыматта автоунаалар жүрүп бара жатканда ортосундагы 500 метр аралык сөзсүз сакталыш зарылдыгы эскертилген.

Leave A Reply

Your email address will not be published.