Шейшембиге карата аба ырайы

Шейшембиде күндүз тоолуу райондордо кар жаап, дыйканчылык аймактарда күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй аймагында +7…+12, Талас өрөөнүндө +6…+11, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +8…+13, Ысык-Көлдө +2…+7, Теңир-Тоодо 0…-5 градуска чейин суук болору айтылды.

Күндүн табы Бишкекте +9…+11, Ош шаарында +11…+13 градуска чейин көтөрүлөт.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru