народный

Шекердин тартыштыгы канча күндө жоюлат? Өкмөттүн жообу

Дүкөндөрдөгү шекердин тартыштыгы убактылуу көрүнүш, маселе 2-3 күндө жоюлат. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы Кеңешбай Тайлаков билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандагы кант заводдору ички чийки зат түгөнгөнүнө байланыштуу 5-6 күн иштебей калган. Азыркы учурда чийки зат чет мамлекеттерден алынып келинип, заводдор иштеп жатат.

Эске салсак, бүгүн, 27-майда Бишкектеги бир катар дүкөндөрдө шекер сатылбай жатканы маалым болду.

Тайлаков Кыргызстандагы шекер коңшу Казакстанга ташылып кетип жатат деген сөздөр боюнча дагы жооп берди. Ал ЕАЭБ мүчө өлкөлөргө кантты чыгарууга тыюу салынбаганын айтып, Казакстанда канттын баасы бизге караганда 20 сомго чейин жогору экенин кошумчалады.

Анын айтымында, заводдор биринчи кезекте ички керектөөнү камсыздашы керек. Бирок дыйкандар өткөргөн кант кызылчасынын ордуна алган канты бар да. Дыйкандар ошол кантын сатып жатышы мүмкүн деди.

Казак өкмөтү 23-майдан тартып кант жана тростник кантын тартыш болуп жатканына байланыштуу алты айга чейин өлкөдөн сыртка чыгарууга чектөө киргизген.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru