ШИИБ башчысы: Айзаданы 210го жакын милиционер издеди

Бишкекте уурдалып каза болгон Айзада Канатбекованы 210го жакын милиционер издеди. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин жетекчиси Бакыт Матмусаев парламенттин жыйынында билдирди.

“Ыкчам-иликтөө иштерине Бишкек ШИИБдин борбордук аппаратынын 150дөй, Биринчи май райондук милициянын 60тай кызматкери тартылган. Камераларды караганда Тыныстанов жана Медеров көчөлөрүнөн баштап Ак-Ордого чейин барганы көрүнгөн. Андан ары видео байкоолор жок болгон”, — деди Матмусаев.

Leave A Reply

Your email address will not be published.