Ширин Айтматова УКМКга суракка чакырылды

Алдын ала маалыматтар боюнча, коопсуздук кызматкерлери экс-депутатка Кумтөр маселеси боюнча суроолору бар

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Ширин Айтматова УКМКга суракка чакырылды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмаларга «Үмүт-2020» кыймылынын мүчөсү Нурсултан Акылбек билдирди.

Анын айтымында, Айтматова “Кумтөр” иши боюнча чакырылган.

Парламент депутаты Дастан Бекешев дагы социалдык тармакта Ширин Айтматова УКМКга суракка чакырылганын жазган.

Leave A Reply

Your email address will not be published.