народный

Шумдугуң кур! Сахара чөлүнө кар жаады (СҮРӨТ)

Африканын Сахара чөлүнө кар жаап, абанын температурасы кескин төмөндөп кеткен. Мындай маалыматты дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматтарга ылайык, абанын түнкү температурсы -2 градуска чейин төмөндөгөн. Аталган аймак үчүн аба ырайынын мындай “сюрпризи” биринчи жолу эмес. Буга чейин Сахара чөлүнө 1979-жылы, 2016-жылы, 2018-жылы жана мурдагы жылы дагы кар жааган.

Бул жолу Айн-Сефра аймагына түшкөн кардын сүрөттөрүн жергиликтүү фотограф тартып алган.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru