Швеция мигранттарды швед тилин үйрөнүүгө милдеттендирди

Швеция Падышалыгында, Швециянын жарандыгын алууну каалагандарга швед тилин билгендигин тастыктоосу керек болгон мыйзам долбоору иштелип чыкты.

Жарандыкка арыз берүүдөн мурун, тесттен өтүү болжолдонууда. Тил билүү деңгээлин аныктаган сынактын биринчи бөлүгү 2 миң кронду түзөт, экинчиси – падышалыктын жарандык коому тууралуу билимин текшерүү үчүн – 5 жүз крон.

Талаптар жогору коюлган. Чет өлкөлүктөр швед тилинде сүйлөө жана жазуу боюнча сынакты тилдин алты деңгээлинин экинчи A2 деңгээлинде тапшырышы керек. Мындай талаптар ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды эске албаганда, 16 жаштан 66 жашка чейинки адамдарга тиешелүү.

Саясий серепчилердин айтымында, мыйзам мигранттарды швед тилин үйрөнүүгө түрткү берет, бул алардын жумушка орношуусун жана коомго ыңгайлашуусун дагы жеңилдетет. Мыйзам долбоору жакында парламентте каралат.

Leave A Reply

Your email address will not be published.