Швейцариялык инвестор «Gergert sport′тун» ээси аны 1,5 млн еврого алдап кеткенин билдирди

Швейцариянын жараны Даниел Бейшат бүгүн, 9 -сентябрда АКИpress агенттигинде өткөн маалымат жыйынында «Gergert sport» компаниясынын ээси аны 1,5 миллион еврого алдап кеткенин айтып президент Садыр Жапаровго кайрылуу кылды.

Анын айтымында 2016-жылы Виталий Гергерттен 12% жылдык дивиденд менен «Gergert sport» компаниясынан пайыздык акчасын алып турмак.

«Башында 100 миң евро инвестицияланган. Кызматташтыктын кепилдиги катары кол коюлган келишимде каражат кайтарылбаса, анын Бишкектеги Гоголь көчөсү 119 дарегинде жайгашкан дүкөнүн алып койсом болоору жазылган.

2016-жылдан 2017-жылга чейин дивиденддер туруктуу төлөнүп келген. Ал эми 2019-жылдын аягында менден 200 миң доллар өлчөмүндө транш алып, В.Гергерт дароо жоголду. Мен 2021-жылдын 17-мартында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматына кайрылдым. Тергөөнүн жыйынтыгында В.Гергерт мени 1 млн 500 миң евро өлчөмүндө алдап кеткени белгилүү болду», – деди ал.

Инвестор ошондой эле В.Гергерт жалгыз эмес, анын шериктери Наталья Луцева-Гергерт, Рафхат Рахматуллин, Элдяир Келгембаев, Айдай Таласбекова, Азиз Нарынбеков, Бактыгүл Керимова экенин кошумчалады.

Д.Бейшат В.Гергерттин ишмердүүлүгүнүн коррупциялык компонентине эч кандай тиешеси жок экенин айтты.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru