Шымына төрөп салган аял кош бойлуу экенин билген эмес

Америкада 43 жаштагы аял кош бойлуу экенин билбей, күтүүсүз жерден шымына төрөп салды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалымдалгандай, 43 жаштагы Глинис 40 жашында бойго бүтүрбөөчү таблеткаларды колдонууну токтоткон. 3 жылдан кийин анын кош бойлуулукка шектенүүсүнө эч кандай себеп болгон эмес.

Мен чарчап, белим ооруганын эч сезген жокмун, кадимки күнүмдүк иштерим менен алек болдум. Чоңураак кийимдер да талап кылынган жок, – деп билдирген ал.

Бир күнү Глинис сөөктөрү катуу ооруганын сезген. Бирок, ооруканага кайрылбай эле, жатып уктап калган. Ойгонгондон кийин тура албай, күйөөсүнүн жардамы менен ооруканага барган. Ооруканага барган учурда жатындан суу кеткенин, андан кийин бир нерсе түшүп, оорусу өтүп кеткенин байкаган. Медайымдар анын шымын кесип чечип салышканда, ичинен жаңы төрөлгөн кызды көрүшкөн. Ымыркайдын салмагы болжол менен 2 килограмм 700 грамм салмакты түзүп, толугу менен дени сак болгон. Аял кызына Периште деген ысым ыйгарган.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru