Сирияда токойлорду өрттөгөн 24 киши өлүм жазасына тартылды

Сирия өкмөтү 2020 -жылы атайылап токойлорду өрттөө үчүн соттолгон 24 киши өлүм жазасына тартылганын жарыялады. Бул тууралуу Reuters билдирди.

Юстиция министрлигинин билдирүүсүндө 11 адам өмүр бою эркинен ажыратылган, ал эми жашы жете элек беш бала 10 жылдан 12 жылга чейин эркинен ажыратылган.

“Өлүм жазасына тартылгандар адамдардын өлүмүнө жана мамлекеттик инфраструктурага, коомдук жана жеке менчикке зыян келтирген террордук актыларды жасаган деп айыпталган”, – деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

Мамлекеттик телеканал атайылап өрттөө үчүн акы төлөнгөнүн айткан кээ бир кылмышкерлердин билдирүүсүн көрсөткөн. Эл аралык укук коргоо уюмдарынын маалыматы боюнча, туткундардын көбү сотсуз жана тергөөсүз өлүм жазасына тартылган.

Жергиликтүү бийликтер Латакия, Тартус, Хомс жана Хама провинцияларында жалпысынан 280 шаар менен кыштакты каптаган 187 токой өрттөрүн катташты. Алар 13 миң гектар айыл чарба жерлерин жана 11 миң гектар токойду кыйратышканы маалым болду.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru