народный

Сиз мени кечириш үчүн эгиздеримден айрылышым керек беле, апа? (кайненеме кат)

–Эже, эшикте бир аял чакырып атат сизди.

-Азыр.

 Босогодон аттарым менен катып калдым.  Сиз туруптурсуз. Жүрөгүм  оозумдан чыгып кетейин деди. Тагдыр чиркин, бир кезде биз жашаган батирдин босогосунда да ушинтип калчылдап турдум эле, ээ апа. “Апа дечи, менин апамды деле апа десең” деди уулуңуз. Апа деп атап алдым, көрүнбөгөн аялдан мээрим күтүп. Бизди кечирип кабыл алат деп ак жоолук салаар күнүңүздү сааттап күттүм. Жаштык кылдык окшойт, болбосо ошончо тагдырыбызды тобокелге салып нике кыйдырып жашап алат белек? Кош бойлуу элем. Узиден эгиз экенин айтышканда көздөрү бажырайган уулуңуздай сулуу жигиттерди төрөөрүмдү билип, бактылуу элем. Бирок ал бакытка жеткирбей койбодуңузбу мени. Кош бойлуугум алтынчы айга созулуп, үйдө олтуруп калгам.  Балаңыз жумушка кеткен, сиз кайдан тапканыңызды билбейм батирге келдиңиз. “Күтүрөтүп той берип, дүркүрөтүп келин алайын деп жүрсөм жетим улактай кылып сени кайдан тапты?” … Кекээрденген сиздин алдында бүжүрөп турам. Анан мени жаактан ары бир чаап, ушунчалык күч менен тепкилей баштадыңыз. Кошуна эже чырылдап ортого кеч түшүп калды. Эмне болгонун билбейм, мени ушунча эмнеге жек көрдүңүз экен? Эртеси ооруканадан ойгондум. Бөйрөккө тээп коюптур, балдарың түшүп калды сиңдим. Жашсың төрөп аласың деди дарыгер жооткотуп.  Өх, азыр да эстегим келбейт ошол күндү.  Анан ооруканадан чыгып, батирге бардым да кийимдеримди жыйнап кетип калдым. Эч ким билбей деле калды. Анан тозок жашоо башталды. Апа, балдардын ыйы кулагыма дагы деле жаңыра берет. Азыр чоңоюп калышмак. Мен жаштык кылсам, сиз турмуш көргөн чоң аял элеңиз го, эмнеге жок дегенде эне болуу бактысын ыраа көрбөй койдуңуз мага?  Биз аларга  Ариет Азирет  деп ысым да тандап койгонбуз.  Балаңыз мени баардык жактан издеп атты. Ата-энеме, эжеме, агама досторума, университетке, жатаканага барыптыр кийин уксам.  Акыры түңүлдү окшойт, кайрылбай кетти. Бирок сиз бүгүн мага кайрылып кечирим суроого келипсиз. Апа, эми мен сизди кантип кечирем. Тирүү болуп өлүктөй басып жүрсөм жарама туз сээп, балдарды сурап келипсиз. Мен да жакында акыретке аттанам. Балдарыма кетем, бирок сиз кантип барасыз ошол наристелердин алдына? Мен эмне дейм…..? Силердин жарык дүйнөгө келишиңерге чоң апаңар каршы болгон дейинби? Кудайды кантебиз?

Интернеттен алынды…

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru