«Сиздин балдарыңыз дүйнөлүк окумуштуу болушу мүмкүн, урбаңыздар!» Оштун коменданты ата-энелерге кайрылды

Брифинг учурунда Оштун коменданты баласын уруп согуп сабак окутуп жаткан ата-энелерге насаат айтты

«Интернет булактары аркылуу балдарын тапшырма аткарасың деп артынан түшүп, кээ бир жерлерде ата-энелик укуктан аша чаап кеткен учурлар чагылдырылган окуялар тарап жатат. Айрымдары “сабакты билбейсиң” деп балдарын урушканын үн жаздыруу билдирмелеринен угуп жатабыз. Мындай кылган туура эмес. Бала сиздин урпагыңыз. Балким сиз урушуп жаткан баладан эртең бир Ибн Сина (ред: Авиценна – персиялык дарыгер, окумуштуу жана философ) чыгышы мүмкүн же Гиппократ чыгышы мүмкүн. Кыргыз өлкөсүнүн желегин желбиреткен чыгаан инсан болуп калышы ыктымал. Ошондуктан балага аяр мамиле жасаңыздар. Мектеп окуучусу деле бир топ күндөн бери үйдө отура берип, кыйналган учурлар болушу мүмкүн. Билбей калса, башынан сылап коюңуз. Ур-токмок менен баланы тарбиялабайт. Балдар биздин келечек. Башкалар бизге баласын бербейт, булар кандай болгон күндө дагы биздин балдар. Кийинки муунга аяр мамиле жасайлы”- деди комендант кайрылуусунда.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru