Соцфонддун ордуна Пенсиялык фонд түзүлөт

Социалдык фонддо реформа жүргүзүлөт, деп билдирди министрлер кабинетинин төрагасы – Президенттин администрациясынын жетекчиси кызматына талапкер Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында.

Бүгүн, 13-октябрда парламент жаңы Министрлер кабинетинин курамын жана структурасын карап жатат.

Жапаров Соцфонд экиге бөлүнөрүн билдирди.

«Пенсиялык фонд түзүлөт. Бул дүйнө жүзүндө колдонулуп келе жаткан тажрыйба. Ошондой эле бардык социалдык жөлөк пулдар Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу болот», – деди ал.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru