народный

Соцфондтун төрагасы Медер Ирсалиев кармалды

Социалдык фонддун төрагасы Медер Ирсалиев аймактык бөлүмдөрдөн акча талап кылуу фактылары боюнча кармалды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.

“Териштирилген сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Социалдык фонддун төрагасынын мыйзамсыз акча талап кылууга катыштыгы бар экендиги жөнүндө төгүндөлгүс маалыматтар алынды”, — деп айтылат билдирүүдө.

Кармалган адам УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Эске салсак, 17-ноябрда УКМК Социалдык фонддун аппаратынын жетекчиси Акылбек Байдылдаев кармалгандыгы тууралуу маалымдаган.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru