Социалдык фондунун аппарат башчысы пара талап кылгандыгы үчүн кармалды

УКМК   сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Социалдык фонддун аймактык бөлүмдөрүнүн башчыларынан акча талап кылуу иштерин үзгүлтүксүз жүргүзгөн Социалдык фонддун кызмат адамдарынын тобун  аныктады.  Бул тууралуу бүгүн мамлекеттик комитеттин пресс-борбору билдирди.    

«Тергөө мыйзамсыз аракеттердин уюштуруучусу Социалдык фонддун аппаратынын башчысы А.Б. экендигин аныктаган, ал фонддун аймактардагы координаторлорунун мүмкүнчүлүктөрү аркылуу аймактык бөлүмдүн ар бир жетекчисинен күч менен ири суммадагы акча чогулткан.», – деп айтылат билдирүүдө.

Шектүү А.Б. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Белгилей кетсек, Акылбек Байдылдаев Социалдык фонддун сайтында ушул сыяктуу баш тамгалар менен жазылган аппарат жетекчиси катары көрсөтүлгөн.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru