Соцтармактарда президенттин жардамчысын дайындоо боюнча тараган маалымат жалган

Социалдык тармактарда жана өлкөнүн маалымат ресурстарынын биринде Мелис Абдыбаитов аттуу жаран президенттин жардамчысы болуп дайындалганы тууралуу маалымат тарады. Бул чындыкка дал келбестигин президенттин администрациясынан билдиришти. “Мындай аракеттери менен айрым адамдар коомчулукту адаштырып жатат деп эсептейбиз. Мелис Абдыбаитов аттуу жаран мамлекет башчынын жардамчысы да, президенттин администрациясынын кызматкери да эмес. Садыр Жапаровго эч кандай тиешеси жок”, – дешти администрациядан.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru