Согушкерлер төрт аялды өлтүрүп, айдоочуну жарадар кылышты

Пакистанда согушкерлер бейөкмөт уюмдардын кызматкерлерин ташып бараткан унаага буктурма жасап, төрт аялды өлтүрүп, айдоочуну жарадар кылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, кол салуу 22-февралда Түндүк Вазиристан аймагында болгон. Райондук полициянын башчысы Шафиулла Хан  кол салууну тастыктаган.

Жабыркагандар Пакистандагы кайрымдуулук уюмдардын биринде иштеген активист аялдар, алар ишкердикке кызыккан аялдарды окутуп, өз укуктарын билүүгө жардам берип келишкен. Ал эми кылмышкердлер качып кетишкен.

Кол салуу пакистандык укук коргоочулардын социалдык тармактарда нааразычылыгын жаратып, көпчүлүк күнөөлүүлөргө тезинен чара көрүүгө чакырышты.

Полициянын айтымында, согушкерлер алдын-ала билдирүү алып, аялдардын келишин күтүп жатышкан. Пакистандын согушкерлери акыркы айларда аймактагы ишмердүүлүгүн күчөтүп, мурдагы Талибан таяныч аймагында кайрадан топтолуп жатышат деп чочулап жатышат.

Leave A Reply

Your email address will not be published.