Соку суткада коронавирустан 12 миңден ашуун адам эмделди

  Акыркы сутканын ичинде өлкө аймагында дагы 12 миң 18 адам коронавируска каршы эмделди. Республикалык ыкчам штабдын маалыматы боюнча, алардын ичинен 6324 адам бир жолу, 5694 адам экинчи жолу эмделген.

Муну менен Кыргызстанда жалпы 901 миң 539 адам коронавирустан бир ирет эмделсе, 683 миң 354 эки жолу эмделип бүттү.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru