Сокулук: Чогулган эл милициянын формасын айрып салышты (ВИДЕО)

Сокулук райондук милициясынын имаратынын алдына Чүй облусунун айылдарынын биринин тургундары чогулушту. Алар 5-декабрда 16 жаштагы айылдашын зордуктоого аракет кылган жаран эркиндикке чыгарылган айтып, нааразычылык билдиришүүдө. Бул тууралуу күбөлөр билдиришти.

Аталган милициянын имаратынын алдына 50гө чукул адам келген.

«Эл жаш кызга зомбулук көрсөткөн адамды өздөрү жазалоону талап кылышты, анткени алар милиция шектүүнү боштондукка чыгарып жиберген деп ойлошкон», — дейт күбөлөр.

Чогулгандар милиция кызматкеринин формасын айрып салышкан.

Булак: Reporter.kg

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru