Сокулукта алдамчылыкка шектелген аял кармалды

Сокулу РИИБнин    кызматкерлери тарабынан алдамчылыкка шектелип аял кармалды. Бул тууралуу Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык,   Сокулук районунун ички иштер органдарына Н.А. аттуу жаран 2019-жылдын февраль айында арыз ээсинин үйүн 21000 доллар деп эсептеп,  бирок ошол эле учурда, 10 миң доллар берип, калган сумманы насыя алгандан кийин төлөп берүүгө убада кылган аялга карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Бирок , шектүү Сарбан айылындагы үйдү каттатып алгандан кийин, ар кандай шылтоолор менен акча төлөбөй, ошол эле учурда арыз ээсинен жашынып жүргөн.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектелип 1984-жылы туулган К.Н. кармалды.

Милиция кызматкерлери тарабынан кармалган адамдын алдамчылык аракеттерге байланыштуу  үч кылмышка тиешеси бар экендиги аныкталды.

Сотко чейинки процесстер уланууда.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru