Сокулукта изделип жаткан эки өспүрүм кыз табылды. Алар кайда жүрүшкөн?

Сокулукта 9 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан 15 жаштагы эки курбу Бишкек шаарындагы компьютердик клубтардын биринен табылып, ата-энесине өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Эскерте кетсек, Сокулукта 15 жаштагы курбу кыздар Айсезим Замирбек кызы жана Зыйнат Иманказы кызы 14-ноябрда Военно-Антоновкадагы үйлөрүнөн саат 13:00 чамасында чыгып кеткен бойдон кайтып келишкен эмес.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru