Сонун болуптур! Кыргызстандагы эң чоң көпүрөнүн асмандан көрүнүшү ВИДЕО

Бир нече жумадан кийин Кыргызстанда эң чоң эки эстакадалык көпүрөлөрдүн курулушу аяктайт. Биз Түндүк — Түштүк альтернативдик трассага барып, ал жердеги иштердин жүрүшүн көрүп келдик.

Бишкек — Ош жолу ондогон жылдардан бери Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүн байланыштырган бирден-бир кара жол катары кызмат кылып келет. Бирок ары-бери каттагандардын саны өсүп, кыймылдын көбөйө башташы абалды өзгөрттү. Мындан сырткары, Транспорт министрлиги жолдун абалы оор жүк ташуучу автоунаалар, жүргүнчү транспорттору каттоо жана коопсуздук боюнча азыркы талаптарга жооп бербей тургандыгын билдирди.

Альтернативдик трассанын курулушу боюнча маселе 2010-жылдан тарта көтөрүлө баштаган. Иш насыяга алынган каражатка 2014-жылы башталган.

Альтернативдик жолдун стратегиялык, экономикалык жана социалдык мааниси жогору. Ал жолду, түштүк облустарынан Нарын, Ысык-Көл, Чүй жана Талас облусуна жүргүнчүлөрдү ташууга кеткен чыгымды кыскартууга жардам берет. Аймактар арасындагы соода-сатык, алака өсөт, туризм өнүгөт”, — деп Транспорт министрлигинен айтып беришти.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru