Сооронбай Жээнбеков: “Өлкөбүздө тынчтыкты сактап калуу, элди бөлүп жарбоо максатында Президенттик кызматтан кетүү чечимин кабыл алдым”

Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков, бүгүн отставкага кетти. Ал, коштошуу кайрылуусун кылып жатып, элдин бүтүндүгүн биринчи орунга койгонун айтты.

“Мамлекеттин башына эң кыйын учур келгенде, жоопкерчиликти таштап кетип калууга акысы жок” деген элдин үнүн угуп, бул күндөрү болгон аракетимди жумшадым.

Мен үчүн — өлкөбүздүн бүтүндүгү, элибиздин биримдиги, коомубуздун ынтымагы баардык кызмат ордунан бийик. Мен үчүн ар бир жараныбыздын ден соолугу, ар бир мекендешимдин өмүрү — баарынан кымбат. Өлкөбүздө тынчтыкты сактап калуу, элди бөлүп жарбоо максатында Президенттик кызматтан кетүү чечимин кабыл алдым. Албетте, бул чечим коомчулук тарабынан ар кандай кабыл алынууда. Бул туура чечимби же жокпу — тарых жана убакыт таразалайт. Кудай алдында, кадырлуу журтумдун алдында жүзүм жарык,-деди Сооронбай Жээнбеков.

Leave A Reply

Your email address will not be published.