Сооронбай Жээнбеков: “Ички миграцияны токтотуу максатында аймактарды өнүктүрүү саясатына өзгөчө басым жасадым”

Мындай пикирин Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков, отставкага кетип жатып кылган кайрылуусунда айтты.

“Өлкөнү санариптештирүү, калкты таза суу менен камсыздоо, жаңы жерлерди өздөштүрүү, калкты турак жай менен камсыз кылуу — бул менин президенттик ишимдин негизги багыттары болду. Ички миграцияны токтотуу максатында аймактарды өнүктүрүү саясатына өзгөчө басым жасадым. Бюджеттик жана өлкөнүн финансы институттарынын каражатын элетке бура алдык. Өлкөбүздүн экспорттук потенциалын көтөрүү максатында аймактардагы ишкерлер, өзгөчө кайра иштетүү тармагы сезилерлик каржылык колдоо алышты”-дейт ал.

Leave A Reply

Your email address will not be published.