Сооронбай Жээнбеков, Кыргыз Республикасынын президенти: “Бардык маселелер укуктук талаада чечилет, ультиматум тили кабыл алынбайт”

Бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн экономикалык коопсуздук маселелери боюнча бир катар мамлекеттик органдардын жетекчилеринин катышуусунда чакан курамда Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрдү. Өлкө башчысынын басма сөз кызматынын билдиргенине караганда, президент мамлекеттик бийлик өлкөнүн экономикалык коопсуздугун бекемдеп, жарандардын тынч жашоосун камсыз кылууга милдеттүү экенин баса белгилеген.  «Кечээ милиция кызматкерлери өздөрүнүн милдеттерин толук кандуу аткарышты. Алар шаардыктардын тынч жашоого болгон укугун коргоп, шаардагы тартипти камсыз кылышты. Мамлекет башчысы катары, дагы бир жолу кайталап айтам, коомдогу тынчтык баарынан жогору турат. Бардык маселелер укуктук талаада чечилет, ультиматум тили кабыл алынбайт. Өлкөдө мыйзамдуулук сакталышы керек», – деди Сооронбай Жээнбеков. Андан кийин мамлекет башчысы коронавирус инфекциясынын дүйнөгө жайылып жатышынан улам өлкөнүн экономикалык коопсуздугун камсыз кылуу маселелерине көңүл бурууга басым жасады. Тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери бул багытта көрүлүп жаткан чаралар, өлкө экономикасы үчүн кесепеттерди алдын алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө маалымат беришти.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru