Сооронбай Жээнбеков кызматтан кеткенге чейин жардамчыларына мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетээрдин алдында өзүнүн жардамчыларына жана кызматкерлерине мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Жарлыкка ал 9-октябрда кол койгон. 25 адам мамлекеттик сыйлыктарга ээ болушту. Сыйлангандардын арасында президенттик аппараттын башчысы Досалы Эсеналиев, Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүл Курманбек Дыйканбаев, тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков, президенттин пресс-катчысы Толгонай Стамалиева бар – алар «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызматынын эмгек сиңирген кызматкери» ардактуу наамын алышты. Ушул эле сыйлык кеңсе башчысы Чолпон Абдрахманова, аппараттын актылар секторунун башчысы Азат Абдысадыр уулу жана мамлекеттик башкаруу саясаты жана уюштуруу-инспектордук иштер бөлүмүнүн башчысы Акылбек Орозалиевге тапшырылды. «Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген дарыгери» наамы борбор калаанын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун санитардык дарыгери Дилбар Бекиевага жана «Мамлекеттик кызматтын эмгек сиңирген кызматкери» пенсионер Ыдырыс Молдалиевге берилди. Дагы 16 чиновник Ардак грамоталарга ээ болушту, алардын арасында президенттин жардамчысы Эрнис Толтоев жана айдоочу Майрамкалы Алиев дагы бар. Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматтан кетерин 15-октябрда жарыялаган. Мамлекет башчысынын милдетин убактылуу премьер-министр Садыр Жапаров аткарууда.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru