Сооронбай Жээнбеков маданият тармагын колдоо чаралары менен таанышты

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-февралда Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкуловду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Мамлекет башчысы маданият тармагын колдоо, өлкөнүн маданий объектилерин оңдоп-түзөө жана санариптештирүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар менен таанышты.

Министр 2019-жылы республика аймагындагы бир катар маданий объектилер капиталдык ремонттон өткөрүлгөнүн маалымдады.

Алардын ичинде, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясы, А.Малдыбаев атындагы Кыргыз академиялык опера жана балет театры, С. Ибраимов атындагы Ош Улуттук драма театры толугу менен оңдолуп-түзөлгөн.

Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында, Ч.Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрында ремонт иштери башталды. Ошондой эле үстүбүздөгү жылы Бабур атындагы Ош Мамлекеттик академиялык өзбек музыкалык-драма театрында оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөт.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru