Сооронбай Жээнбеков, президент: “Чечимим туура болдубу жокпу, тарых далилдейт”

Бул тууралуу  Сооронбай Жээнбеков президент  Жогорку Кеңештин жыйынында сүйлөп жатып билдирди:

 “Урматтуу мекендештерим, урматтуу депутаттар.  Президенттикке шайланганыма  кечээ туптуура 3 жыл болду. Президенттик мөөнөтүмдүн алгачкы жылды тышкы саясатты жөнгө салууга короттум.  Бул билинбегени менен көп убакытты талап кылган жыл болду.  Баардык тышкы иштерди улуттук кызыкчылыктар менен жүргүздүм. Кыйчалыш учурда эмне болгонун айтып олтурбайын. Болгон күч аракетимди укуктук талаага кайтарууга жумшадым.  Баарыбыз үчүн өлкөдөн өткөн оомат жок экенин далилдедим. Жарандык позицияны карманганы үчүн баардык мекендештериме ыраазычылык билдирем.  Мен үчүн баардык мекендештеримдин өмүрү кызмат. Өлкөнүн туруктуулугу үчүн кызматтан баш тарттым. Бул туура боддубу жокпу билбейм, аны тарых тастыктайт”-деди ал.  

Leave A Reply

Your email address will not be published.