Сооронбай Жээнбеков: “Шайлоонун таза өтүшү менден жана өкмөттөн көз каранды эмес”

Мындай пикирин президент Жогорку Кеңеште сүйлөп жатып билдирди:

Эл арасында „тигил же бул партия Президенттин колдоосун алыптыр, ошол партияга баланча мандат алып берет экен“ деген сөздөрдү угуп жатам. Партия — жалпы коомдун бир гана бөлүгү. Мен кандайдыр бир партияга эмес, жалпы элге кызмат кылуу үчүн шайлангам. Кимдир бирөө менен адам катары, адамгерчилик мамилем болушум мүмкүн. Бирок, Президент катары эч кимге моралдык да, материалдык да карызым жок. Менин тирегим — эл. Кайсы бир партияга эмес, элиме таянам. Бир Кудайга, анан элиме ишенем. Менде мына ушундай ички эркиндик бар. Алдыда келаткан шайлоодо мына ошол ички эркиндигиме таянып, баарына бирдей, калыс шарт түзүп берүүгө аракет кылам. Буюрса, шайлоодо жеңип келген партиялардын кимиси болбосун, мамлекеттин кызыкчылыгында чогуу иштегенге даярмын. ”-деди ал.

Leave A Reply

Your email address will not be published.