Сооронбай Жээнбеков: “Учурда ар кандай массалык иш чараларды, той аштарды өткөрүү кыянатчылык”

Бул тууралуу президент Жогорку Кеңештин депутаттарынын алдында сүйлөп жатып билдирди:

“Вирустан бир гана Кыргызстан эмес, бүткүл дүйнө жабыркап жатат. Андыктан калкыбыздын кайдыгерлик кылып мамиле кылбайлы. Чектөөлөр алынгандан кийин оору күч алып, медицина кызматкерлеринин буга чейинки кылган ишин жокко чыгара турган деңгээлге чейин жеттик. Буга айрым саясатчылардын “оору жок, бул бийликтин саясаты” деген жалган сөзүнө ишенип алган кээ бир мекендештерибиздин ооруга жоопкерчиликсиз мамиле кылуусу негизги себеп. Базарларда, соода борборлорунда жана башка коомдук жайларда адамдар санитардык талапты сактабай жүрүүсү күчөдү”-деди ал.

Leave A Reply

Your email address will not be published.