Сот тарабынан койо берилген Түркиянын жараны Интерпол тарабынан Сербияда кармалды

Интерполдун жүргүзгөн ыкчам иш-чараларынын натыйжасында, 2021-жылдын 1-июнь күнү Белград (Сербия) шаарынын аэропортунан Түркиянын жараны 1988-жылы туулган Ч.О. кармалган. Ал Интерпол линиясы аркылуу 2011-жылдан бери жашы жете элекке сексуалдык зомбулук көрсөтүү жана Түркиянын аймагында адам уурдоого шектелип издөөгө алынган.
Тактай кетели, 2020-жылдын 12-август күнү 2020-жылдын 12-августунда Кыргыз Республикасынын ИИМдин Интерпол Улуттук борбордук бюросунун кызматкерлери Түркиянын жараны Ч.О. кармалган. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы кармалган жаранды Түркия тарапка өткөрүп берүү жөнүндө чечим кабыл алган. Бирок 2020-жылдын 11-ноябрь күнү Бишкек шаардык сотунун Соттук коллегиясынын токтому менен Түркия Республикасына аны өткөрүп берүүнү токтотуу жөнүндө чечими кабыл алынган. Анткени бул чечимге кармалган жаран Миграциялык кызматка качкын статусун алуу жөнүндө кайрылганы себеп болгон. Түркиянын жараны Ч.О. бошотулган соң кайда жүргөндүгү белгисиз болгон.
Азыркы учурда Түркиянын кармалган жаранын Түркияга экстрадициялоо тууралуу маселелер чечилип жатат.
ИИМдин Басма сөз кызматы

Leave A Reply

Your email address will not be published.