Сот зордуктаган адамдын жазасын жеңилдетүү үчүн жабырлануучуга үйлөнүүнү сунуш кылды

Индияда сот зордуктоочуга анын жазасын жеңилдетүү үчүн жабырлануучуга үйлөнүүнү сунуштады, деп жазат The Guardian.

Маалыматка караганда, Махараштра штатындагы мамлекеттик агенттикте техник болуп иштеген адам 16 жаштагы кызды аңдып,  бир нече жолу зордуктаган деп айыпталган.

Айыптоочу тараптын айтымында, ал кызга бензин куюп, өрттөп, бетине кислота чачып, бир тууганын өлтүрөм деп коркуткан.

Бул окуя тууралуу үй-бүлөсү кыз өз жанын кыюуга аракет кылгандан кийин билишкен.

Мындан тышкары, алгач жабырлануучунун туугандары полицияга арыз жазбайбыз деп убада беришкен, анткени зордуктоочунун апасы кыз бойго жеткенде той өткөрүүнү убада кылган.

Айыпталуучу башкага үйлөнгөндөн кийин, жабырлануучу укук коргоо органдарына кайрылган.

Индиянын Жогорку Сотунун Төрагасы соттолуучуга жазадан кутулуп, жумушунан айрылып калбоо үчүн жабырлануучуга үйлөнүүнү сунуш кылды.

Бирок соттун сунушу индиялыктардын кыжырына тийди. Аны кызматтан алуу талабына миңдеген тургундар кол койгон.

Leave A Reply

Your email address will not be published.