Спортчу Нураида Анаркулова лицензиялык турнирге даярданууда

Кыз-келиндер күрөшү боюнча Азиянын коло медаль ээси Нураида Анаркулова Олимпиадага жолдомо бере турчу турнирге катышат. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги кабарлады.

Ага ылайык, Анаркулова 5-10-май күндөрү София шаарында (Болгария) лицензиялык дүйнө мелдешине барат. Спортчуну башкы машыктыруучу Нурбек Изабеков коштоп барат.

Анаркулова 2017-жылы Азия чемпионатында вице-чемпион болгон. 2019-жылы 23 жашка чейинки спортчулар арасындагы Азия чемпионатында күмүш медаль, жаштар арасында Азия чемпионатында дагы күмүш байге, ошол эле жылы жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында коло медаль тагынган. Россияда өткөн ачык кубокто алтын медаль тагынган. 2021-жылы Азия чемпионатынан үчүнчү орунду алды.

Буга чейин балбан кыздардан Токио Олимпиадасына лицензияны Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы жана Мээрим Жуманазарова алган.

Leave A Reply

Your email address will not be published.