Стационарда 366 жаран жатат, 11 бейтаптын абалы оор

Стационарда 366 жаран жатат, 11 бейтаптын абалы оор. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында билдирди.

Учурда 11 бейтаптын жетөөсү жандандыруу бөлүмүндө. Илдетти жуктуруп алган башка бейтаптардын абалы орточо оор же канааттандырарлык деп бааланууда. Бүгүнкү күнгө карата жалпы 78 адам айыгып, үйүнө чыгарылды.

Үсөнбаев билдиргендей, 5-апрелден тарта изилдөөгө келип түшкөн үлгүлөрдүн саны – 28 222. “Жалпы жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн саны 27 033, ал эми сутка ичинде 981 изилдөө жүргүзүлгөн”, – дейт ал.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru