Стамбулдан алынып келинген жарандардан коронавирус чыкты

Түркиядан учуп келген айрым кыргызстандык жарандардан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 23-апрелде эртең мененки онлайн маалымат жыйында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, Түркиядан келген жүргүнчүлөрдүн баарынан анализ алынган. Коронавирус аныкталгандар ооруканага жаткырылып, калгандары 14 күнгө үй карантинге жөнөтүлдү.

«Мындан тышкары алардын үстүнөн тиркеме аркылуу да каралып жатат. 14 күндөн кийин кайрадан толук лабораториялык текшерүү жүргүзүлүп, андан кийин үйлөрүнө чыгарылып, дагы медициналык көзөмөлдө болушат. Жалпысынан 28 күн медициналык көзөмөл уюштурулат», – деди ал.

17-апрелде Түркиянын Стамбул шаарынан Кыргызстандын 211 жараны алынып келген болчу.

Кыргызстанда 631 адамдан коронавирус аныкталды.

Булак: Баракелде

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru