Статистика : Өлкө боюнча нандын баасы дээрлик 10 пайызга жогорулады

Улуттук статистика комитети республиканын 18 калктуу конушунда жүргүзүлгөн социалдык жактан маанилүү азыктардын орточо бааларынын жыйынтыгын жарыялады. Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 24-ноябрына карата нанга болгон баалар республика боюнча орточо эсеп менен 52,76 сомду (килограммына) түзгөнүн жана өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу 9,9 пайызга жогорулаганын көрсөттү. Ал эми жапма нандын 1 килограммы 76,38 сомду түзүп, 2020-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 18,1 пайызга өстү. Ошол эле учурда нандын максималдуу чекене баалары Ноокат (бир килограммы үчүн 69,57 сом), Токтогул (бир килограммы үчүн 70,07 сом), Кара-Суу (бир килограммы үчүн 75,63 сом) шаарларында түзүлдү, ал эми минималдуу баалар Каракол (бир килограммы үчүн 41,73 сом), Токмок (бир килограммы үчүн 45,66 сом) жана Кара-Балта (бир килограммы үчүн 49,42 сом) шаарларында катталды. Жапма нандын чекене баасы орточо республикалык деңгээлден жогору болуп Өзгөн (бир кг үчүн 93,28 сом), Балыкчы (бир килограммы үчүн 93,67 сом) жана Кербен (бир килограммы үчүн 107,17 сом) шаарларында түзүлдү, ал эми минималдуу баалар Каракол (бир килограммы үчүн 47,47 сом), Нарын (бир килограммы үчүн 62,90 сом) жана Токмок (бир килограммы үчүн 65,51 сом) шаарларында байкалды. Өткөн жылдын ушул датасына салыштырмалуу нанга болгон баанын эң көп өсүшү Талас – 28,6 пайызга, Токтогул – 25,0 пайызга жана Кара-Балта шаарларында – 15,0 пайызга кымбаттаган, ал эми лепешкага Токтогул 39,1 пайызга, Өзгөн – 21,3 пайызга жана Бишкек шаарларында – 21,1 пайызга катталды.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru