Студенттер күнүнө карата. Талант Мамытовдун кызыктуу студенттик күндөрүнөн…

Бул тууралуу президенттин милдетин аткаруучу азыркы саясый кызматына киришээрден мурун билдирген:

«Өзүм КУУнун юридика факултетине 1993-жылы тапшыргам. 1995-жылы Филология факултетинде окуган балдар менен жатаканага чогуу жашап калдык. Жатаканада бир гана маселе бул тамак аш болот эмеспи. Бир күнү бөлмөбүздө таптакыр жегенге эч нерсе калбай калыптыр. Айылдан акча келген экен,  базарга барып азык-түлүк сатып келели деп тизмелеп жазып жатабыз. Картошка, пияз күрүч деп улам эсибизге келгенин айтып коёбуз. Жанымда турган бир досум болсо “тизмеңер узарып эле баратат, бөлмөдө бар нерсени айткылачы”-деп жатпайбы. Бөлмөбүздө туз гана калыптыр. Базардан келип тамак жасап ичтик. Анан кыйнала баштадык. Балким томаты ачып кеткенби, же эмне азыктар эски беле деп ар нерсеге жооруп коёбуз. Бирок тамак ичип жатканда кызыктай даамы анан жыты келип жаткан. Аябай ачка болгон жаныбыз ага карабай эле ичип алганбыз. Көрсө балдар кадимки эле кол машинанын майына тамак жасап коюптур. Ал майды кимиси алып келип койгонун деле белгисиз. Кийин дагы бир жолу бөлмөдө тамак жасап жатсак сыртта бирөөлөр урушуп калышты. Баарыбыз ал урушту көргөнгө чыгып кетип, бөлмөдө көлдүк досум калган. Досум макаронду кууруй берсе күйүп кетиптир, эмне кылаарын билбей дагы үстүнө май куюп салабы. Ого бетер күйүп комнатага түтүн толуп кетет. Кайра үстүнө суу куюп, анан этти, жашылчаларды салып коюптур. Биз сырттан кирсек бөлмө аябай түтүн. Тигил досум болсо кийинип алып “жумуштарым бар”-деп чыгып кетти. Тамак бышты го деп казанды ачсак эле макарону өзүнчө томолоктошуп, эт менен картошкалары өзүнчө күйүп жегенге таптакыр болбой калыптыр»-деген ал.

Булак: де факто

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru